Туруспек Коеналиев кызматтан кеттиби? Иш башкармалыктын жообу

Коеналиев президенттин иш башкармалыгын 2010-жылдан бери жетектеп келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Туруспек Коеналиев президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынан кетүү боюнча арыз жазган эмес. Бул тууралуу иш башкармалыктын маалымат катчысы Айша Чуштукова билдирди.

"Айрым ЖМКлар Туруспек Коеналиевдин ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу жазып чыгышты. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Иш башкармалык кадимки режимде иштеп жатат", — деди Чуштукова.

Коеналиев президенттин иш башкармалыгын 2010-жылдан бери жетектеп келе жатат.