БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор тарткан төрт тасма Россияда өткөн "Киношок" эл аралык фестивалына катышып, алардын ичинен Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" фильми баш байгени жана "Мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.
Мындан тышкары, дагы үч тасма ар кандай сыйлыктарга татыды.
"Мыкты операторлук иш" жана "Мыкты музыка" номинациялары боюнча Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильми мыкты аталды.
Кыска метраждуу фильмдердин ичинен "тасмага болгон сүйүүнү көркөмдөп ачып бергендиги үчүн" калыстар тобунун атайын сыйлыгына Аскар Нуракун уулунун "Киноман" аттуу эмгеги татыды.
Ал эми режиссер Токтобек Үсөновдун "Не женское бремя" тасмасы даректүү фильмдер арасында атайын дипломго ээ болду.
"Киношок"— КМШ жана Балтика өлкөлөрүндө өтүүчү ачык эл аралык фестиваль. Быйыл 26-жолу Анапа шаарында эшигин ачты.