Москвада мекендештерин тебелетип кеткен айдоочу камакка алынды

Окуядан бир адам каза таап, дагы тогуз адам жабыркагандыгы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстанда туулган, бирок Россиянын жараны, кыргызстандыктарды унаасы менен тебелетип кетти деп шектелген Бекжан Сарбишев камакка алынды. Бул туурасында РИА Новости Кузьмин райондук сотуна таянып кабарлады. 

Анын камакта 8-ноябрга чейин болорун айтылды.

Боо түшкөн жарадарлар! Москвадагы кырсыктан кийинки видео
Эске салсак, Москванын Новочеркасский бульварындагы кафеде кыргызстандыктар ортосунда чатак чыккан. Мындан көп өтпөй Кыргызстанда туулган жигит бир нече мекендешин унаа менен койдуруп кетти деп шектелип кармалган. Кырсыктын жыйынтыгында бир адам каза болуп, дагы бир канчасы ооруканага жаткырылган

Кийин Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги шектелип жаткан 21 жаштагы Бекжан Сарбишев Кыргызстанда төрөлгөнү менен Россиянын жараны экенин айткан. 

Шектелип жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын РЕН ТВ каналына айтып берди. Анын маалыматына караганда, ал күнү кыздын туулган күнүн кафеде белгилешкен. Ал жерден бейтааныш эркектер келип, ага тийише баштаганда, агасы карындашын коргоо үчүн алар менен мушташа кетип, окуянын аягы кайгылуу аяктаган.

Буга чейин окуя "Аура" клубунда болгондугу айтылса, такталган маалыматтарда кырсык болгон жер "Соло" клубу экени такталды.