Радио

Ашырбаев: кар жааганга чейин көмүр сатып алыңыздар

Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев жарандар көмүрдү кышында эмес, азыр сатып алса оң болорун айтты.
Sputnik
Ашырбаев: кар жааганга чейин көмүр сатып алыңыздар
Ашырбаев: кар жааганга чейин көмүр сатып алыңыздар

Жыл сайын эле катуу суук болгондо көмүргө болгон суроо-талап жогорулайт. Бул тууралуу Канатбек Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда көмүр жай сатылып жатат.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында биздин көмүрлөрдүн бир тоннасы 3300-3500 сомдон сатылууда. Ал эми казактардын шабыркүл көмүрүн 4 000 сомго тапса болот. Негизи элдин басымдуу бөлүгү бир кар жаап, катуу суук боло баштаганда көмүр камдайт. Ушул тапта сатып алуунун бир канча артыкчылыктары бар. Азыр үймөлөктөшкөн кезек жок, көмүрдү жерине чейин жеткирген унаа акысы арзан", — деди Ашырбаев.

Ал Кыргызстанга бир гана Казакстандан көмүр алып келинерин кошумчалады.