Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду

Өнөрпоз ооруканада болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. —Sputnik. Кыргыз элинин белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев каза болду. Бул маалыматты анын кесиптештери тастыктады.

Алардын айтымында, 45 жаштагы Жумабаев бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. 

Иосиф Кобзон дүйнө салды
Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты өзү да шакирт даярдоого жетишкен. 

Жумабаев “Ордо Сахна” тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторида сабак берчү.

Эскерте кетсек, 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертип, даңазасы арткан.