"Азия MIX" командасынын жеңишке жеткен оюну. Толук видео

Кечээ Россиянын Биринчи каналы "КВН — 2018дин Жайкы кубогу" оюнунун телеверсиясын көрсөттү. Анда Кыргызстандын "Азия MIX" командасы биринчи жолу жеңишке жетишти.
Sputnik

Оюн 24-августта Сочи шаарында өткөн. Баш байге үчүн өткөн сезондун жеңүүчүсү казакстандык "Спарта Номад" менен Кыргызстандын "Азия MIX" командалары күч сынашкан.

Элдияр Кененсаров "Что? Где? Когда?" оюнуна катышты. Видео
Эрежеге ылайык, ар бир команда өз курамына башка топторду чакырып, кыргызстандыктар менен "Русская дорога" (Армавир), казакстандыктар менен "Радио Свобода" (Ярославль) командалары чыкты.

Натыйжада "Азия MIX" жеңишке жеткен.

КВН Жайкы кубогу акыркы жылдарда чемпион болгон командалардын жыл сайын өтчү беттеши. Былтыр мелдеш биринчи жолу Борбор Азия чөлкөмүндө, Астанада болгон.