БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. АКШнын Жон Хопкинс университетинин окумуштуулары уйкусун кандырбаган адамдарда Альцгеймер оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги үч эсе көп экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Окумуштуулар мындай жыйынтыкка 16 жыл бою маал-маалы менен башын томографияга тарттырып, өз ден соолугу тууралуу маалымат берип турган 123 адамды иликтегенден кийин келишкен.
"Күндүз уйкусу келе берген адамдардын көпчүлүгүнүн мээсинде Альцгеймер илдетин чакырган бета-амилоид заты көбүрөөк экени аныкталган. Мындан улам дарыгерлер аталган оору менен жетишсиз уйкунун түздөн-түз байланышы бар деген бүтүмгө келишти", — деп жазылат макалда.
Андыктан адистер бул илдетти алдын алуу үчүн уйкуну кандырууну, эгер уйку качуу көйгөйү бар болсо, аны дарылоону сунуштайт.
Альцгеймер оорусу — эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү жана интеллектинин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.