Радио

Арзыбаев: акыркы жылдары кыргыз тарыхында ири илимий ачылыштар болууда

Илимдер академиясынын тарых институтунун ага окутуучусу Тыныстан Арзыбаев табылган маалыматтар боюнча кыргыз тарыхынын түбү Алтайга барып такаларын айтты.
Sputnik
Арзыбаев: акыркы жылдары кыргыз тарыхында ири илимий ачылыштар болууда

Акыркы жылдары кыргыз тарыхында ири илимий ачылыштар болууда. Бул тарыхчылардын дүйнөлүк деңгээлдеги конференция, жыйналыштарга жигердүү катышып жаткандыгынын жемиши. Мындай пикирин Тыныстан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз тарыхында иликтене элек дагы көп жагдайлар бар.

"Азыркы табылган маалыматтар боюнча айта турган болсок, кыргыздар "кырдагы эл" деген ат менен Алтай тарапта жашагандыгы айтылган. Бирок тарыхыбыздын ачыла элек жактары али көп. Соңку жылдары бул жаатта көптөгөн алгылыктуу иштер жүрдү. Мисалы, былтыр Алтай тарапка барып, эл аралап маалымат чогултуп келдик. Бир топ баалуу материалдарга ээ болдук. Бул тарыхыбызды изилдеп, тактаганга көмөк көрсөтөт. Тарыхы бай, эски эл экенибизди далилдеш үчүн кыргыз тарыхчылары, археологдору чогуу жакшы иштерди жасап жатышат. Мунун үзүрүн убакыт көрсөтөт деп ойлойм", — деди Арзыбаев.

Ал ошондой эле жаш окумуштуулардын көбөйгөндүгү илимди алдыга сүрөйт деген пикирин кошумчалады.