БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Москвада мекендештерин унаа менен койдуруп кетти деп шектелген Бекжан С. аттуу адам Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында төрөлүп, кийинчерээк Россиянын жарандыгын алган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына аталган айылдын башчысы Сулайман Жүжүбаев билдирди.
Жүжүбаевдин айтымында, кылмышка шектүү жаран 15 жылдан бери Москвада жашап, ата-энеси менен биргеликте Россиянын жарандыгын алган.
"Бекжан үйдүн улуусу, иниси жана үч карындашы бар. Москвада 2000-жылы туулган карындашы жана апасы менен чогуу иштеп жатышкан. Атасы акыркы учурда үч баласы менен айылга кайтып келген болчу. Ал окуя тууралуу кабары жок деп айтып жатышат. Алар Бекжандын угуусу начар экендигин жана II топтогу майып экендигин айтышты", — деди айыл башчысы.
Кылмышка шектүү Россиянын жараны экендигин редакцияга Кыргызстандын элчилигинен да тастыкташты.