Жүрөк үшүн алган окуя! Москвада өз мекендештерин тебелетти деп кыргызстандык кармалды

Москвада өз мекендештерин автоунаа менен сүздү деп Кыргызстанда туулган 21 жаштагы адам шектелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанда туулган жигит Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдуруп кетти деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин шаардык башкармалыгына шилтеме берип РИА Новосити агенттиги жазды.

Ал эми РЕН-ТВ телеканалынын билдиргенине караганда, жеринде беш адам жабыркады. Шектүү катары 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалды. Жеринде тартылган сүрөт жана видеолордон талкаланган авто менен Тез жардам унаасын көрүүгө болот.

"Алдын ала маалыматтарга караганда чатак кафеден жөнөкөй эле пикир келишпестиктен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыгып кеткен. Алардын бири рулга отуруп, урушкан адамдарын тебелетип салган", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Учурда айдоочу кармалып, жабыркагандардын ооруканага жеткирилгендиги айтылды. Алардын саны канча экендиги так белгилүү боло элек. Полиция кызматынан айдоочу кырсык болгон жерден качып кетпегендигин айтышты.