Радио

Аскат Жетиген: комузду үйрөнөм деген жаштар көп

"Кыргыз кайрык" долбоорунун катышуучусу Аскат Жетиген өзү комузду 20 жылдан бери үйрөнүп келе жатканын айтты.
Sputnik
Аскат Жетиген: комузду үйрөнөм деген жаштар көп

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыркы кезде комуз чертүүнү үйрөнгүсү келген жаштар абдан көп. Бул тууралуу Аскат Жетиген Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар эле эмес орто муундун өкүлдөрү да комуз чертүүгө абдан кызыкдар.

"Учурда комузга кызыккан, улуттук аспапта кол ойноткусу келген жаштар абдан көп. Жаштардын эле эмес орто муундун өкүлдөрүнүн да күү үйрөнүүгө болгон аракети күч. Өзүм комузду 20 жылдан бери алектенип келе жатам. Эски устат-шакирт системасында окуп, андан комуз чертүүнү эле эмес, жашоону да үйрөнгөм. Бүгүнкү күндө элдин жумушу көп болгондуктан, жумасына ашып кетсе 2-3 саат келип турушат. Бирок мындай учурда өсүү жай болот", — деди комузчу.

Ал 15 мүнөттө бир кайрыктын өзөгүн түзүп жетишүүгө болорун кошумчалады.