Радио

Кожобеков: ЖОЖдор быйылтан баштап акредитация аркылуу сандан сапатка өтөт

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков жогорку окуу жайлардын билим сапаты кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндө текшерилээрин айтты.
Sputnik
Кожобеков: ЖОЖдор быйылтан баштап акредитация аркылуу сандан сапатка өтөт

ЖОЖдор быйылдан баштап сандан сапатка өтөт. Анткени акредитациядан өтүү үчүн профессордук —окутуучулук курамы, студенттердин башка мамлекеттерге чыгып билимин тереңдетүү мүмкүнчүлүгү каралат. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр 400дөн ашуун бюджеттик орундар толбой калган эле.

"Быйыл акредитациянын негизинде окуу жайлар иргелет. ЖОЖдун окутуучу курамы, ал мугалимдердин чет өлкөдө жарыяланган илимий макалалары, ошол материалдарга канча жолу шилтеме жасалгандыгы каралат. Ошондой эле студенттерди башка мамлекеттерге окуу-тажрыйба алмашууга жиберүү мүмкүнчүлүктөрүнө да тереңирээк көз салабыз", — деди Кожобеков.

Жетекчи акредитация системасы өз милдетин так аткара албаган окуу жайлар өз алдынча жабылып калууга алып келээрин, мындай жол менен билимдин сапаты жогорулаарын кошумчалады.