Эң көп учкуч аялдар бар өлкө аныкталды

Дүйнөдөгү кыз-келиндердин беш пайызы учкучтар болсо, Индияда бул көрсөткүч 13 пайызга жакындап баратат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Авиациялык учкучтардын Эл аралык бирикмесинин маалыматы боюнча эң көп учкуч аялдар Индияда экендиги аныкталды. Бул туурасында РИА Новости The Telegraph басылмасына шилтеме берип жазды.

Forbes журналы эң көп акча тапкан актерлердун ысымын атады
Бирикменин маалыматына караганда, дүйнөдөгү кыз-келиндердин беш пайызы пилоттор болсо, Индияда бул көрсөткүч 13 пайызга жакындап баратат. Мындайча айтканда, Улуу Британия (4,77 пайыз) менен АКШдан (4,36 пайыз) эки эсе көп.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2012-жылы Индия гендердик теңсиздик жагынан эң начар өлкөнүн катарында болчу.