"Ала-Тоонун" жанында эки унаа сүзүшүп, жабыркагандарды Тез жардам алып кетти. Сүрөт

Медиктер кырсык болгон жерден жүргүнчү аялды алып кетишти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде, "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында Honda Fit менен Subaru Impreza унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

1 / 3
Борбор калаанын Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде, Ала-Тоонун" кинотеатрынын жанында Honda Fit менен Subaru Impreza унаалары сүзүштү
2 / 3
Окуя 9-сентябрь күнү саат 9.30дар чамасында болду. Кырсык болгон жерге келген Тез жардам унаалардын бириндеги жүргүнчү аялды алып кетти
3 / 3
Кырсык тууралуу маалыматты Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) тастыктап, айдоочулардын бирин Тез жардам кызматкерлери текшерип жатканын айтышты.

Анын айтымында, окуя 9-сентябрь күнү саат 9.30дар чамасында болду.  Кырсык болгон жерге келген Тез жардам  унаалардын бириндеги жүргүнчү аялды алып кетти.

Кырсык тууралуу маалыматты Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) тастыктап, айдоочулардын бирин Тез жардам кызматкерлери текшерип жатканын айтышты.

"Алдын ала маалыматка караганда, Honda Fit унаасы Эркиндик проспектисине бурулуп жатып,  каршы тилкеге чыгып кеткен. Мунун кесепетинен унаалар кагышкан", — дешти милициядан.

Мындан тышкары, экинчи айдоочу жабыркабаганы айтылды.

Тиешелүү экспертизалар белгиленип, материалдар тергөө органдарына өткөрүлмөкчү.