Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 21ге жетти

6-сентябрга караган түнү күчү 6,7 магнитудага жеткен жер титирөө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 21ге жетти. Сегиз киши дайынсыз экенин жергиликтүү NHK телеканалы билдирди.

Дүйшеев: жер титиреген учурда лифтке түшүү кооптуу
400дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жаткырылды. 31 миңден ашык үйдө суу жок, андан тышкары 16 миң киши убактылуу башпаанек жайларына жайгаштырылды.

Буга чейин Япониядагы ири автозавод Toyota Motors айрым тетиктерди ташууда кыйынчылыктар болушу мүмкүн деп ишин токтоткон. Анткени заводдун жер титирөө болгон аймактагы бир бөлүмү жабыркаган.

Эске салсак, 6-сентябрга караган түнү күчү 6,7 магнитудага жеткен жер титирөө болуп, анын кесепеттерин жоюу үчүн 40 миң киши жана 75 тик учак тартылган.