БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан үчүн Түркия менен соода-сатык жүргүзүүдө орус рублин колдонуу пайдалуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.
"Мен ишкерлерге түркиялык кесиптештери менен лира гана эмес, рубль менен дагы соодалашууну сунуштайт элем. Эмнеге десеңер, Түркия Россиядан ири өлчөмдө газ менен нефть сатып алат. Ал эми Россия аларга сооданы рубль менен гана жүргүзөбүз деп талап койгон. Демек Түркияга көп өлчөмдө орус акчасы керек", — деди Пономарев.
Адис кошумчалагандай, бул нерсе Түркиядан келүүчү товарлардын баасын төмөндөтөт. Анткени конвертация (сом — доллар — лира) жана доллар наркынын өсүшүнө байланыштуу көйгөйлөр жоголот.