"Өзүмө таандык нерсени алам!". Шевченко каршылашын сындады

Кыргызстандык спортчу UFC чемпионунун аракеттерин кесипкөйлүккө жатпайт деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн Нико Монтано менен өтчү беттеш болбой калгандыгына таң калбаганын айтып чыкты.

АКШда жекшемби күнү өтчү беттеш Монтанонун ооруканага жатып калгандыгына байланыштуу болбой калды. UFC уюмунун дарыгерлери америкалык спортчунун саламаттыгын текшерип, анын бөйрөгүндө көйгөйлөр бар экендигин аныктаган.

Шевченко болсо өзүнүн Instagram баракчасына Монтано бир нече жолу беттештен качууга аракет жасаганын жазды.

"Менимче анын башында эле планы болгон. Ал өзүн көрсөтүп, ишеничтүү сүйлөп, атын чыгарып, анан акыркы мүнөттө качып кетүүнү көздөгөн. Мен анын ден соолугунда көйгөй болуп жатат деген маалыматка ишенбейм. Ачык машыгуулар учурунда ал жакшы эле жүргөн. Анын мындай аракети кесипкөйлүккө жатпайт", — деди Шевченко.

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы алгачкы атаандашы белгилүү болду
Ал ошондой эле беттеш өтпөй калып маанайы түшкөндүгүн белгиледи. Кыргызстандык спортчу чемпиондук курду алууну пландаган. Шевченко аны колдогон күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, кийинки мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып "өзүнө таандык нерсени" ала тургандыгын ишендирди.

Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндөгү кыз-келиндердин ичинен биринчилерден болуп UFC боюнча чемпиондук кур үчүн ат салышууда. Буга чейин эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.