БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Казакстанда дарыгерлер Усть-Каменогорск шаарында жашаган эркек кишиге кош бойлуу деген күтүүсүз диагноз чыгарып беришкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, эркек киши ичи ооруп ооруканага кайрылган. Аны дарыгер-нефролог карап "бейтап кош бойлуу болгондуктан ичи чоңоюп жатат" деп жазып берген.
"Дарыгерге кайрылган эркек адам курсагында бир нерсе кыймылдап жатканын сезип жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Киши күтүүсүз диагнозду үйүнө барганда гана байкаган.
Чыгыш-Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы эркек адамга коюлган диагнозду териштирерин убадалады.