Кыргызстандын гимнин аткарган туристтердин видеосу интернетке тарады.
Ролик "Элестет" чыгармачыл тобунун YouTube каналына жарыяланды.
Көчмөндөр оюндарына келген туристтер гимндин куплеттеринин ар бир сабын аткарып беришкен.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев гимндин текстин туура эмес аткарып социалдык тармакта талкууга калган. Кийин ал элден кечирим сурап, Кыргызстандын гимнин туура аткарып берген.