Бишкекте төрт айдан бери дайынсыз болгон аял изделүүдө

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кыска кара жана психикалык жактан жабыркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы дайынсыз жоголгон 41 жаштагы Назира Ибраеваны издейт. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди. 

Разыскивается без вести пропавшая Назира Ибираева

Ага ылайык, Ибраева быйыл 4-майда үйүнөн чыгып кеткени боюнча кайтып келген эмес. Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кыска кара жана психикалык жактан жабыркайт. Андан сырткары, сол бутуна протез салынган.

"Башына күлгүн түстөгү жоолук салынып, үстүнө көк кофта, кара шым жана кара туфли кийген. Жанында паспорту жана майыптыгын тастыктаган китепчеси болгон", — деп айтылат маалыматта.

Эгер бул жарандын кайда экенин билген-көргөндөр болсо Октябрь РИИБине (0312) 54-41-84, (0554) 102-147, (0501) 153-030 телефондору же "102" кызматына чалып кабарлап коюңуздар.