Абылгазиев Түркияга Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын мөңгү суусу менен тапшырды

Эми 2020-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары Түркия мамлекетинде өтөт.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын тапшырды.

Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу. Эстафета менен Көчмөндөр оюндарынын туусун атчан баатырлар саxнага алып келишти. Аларды Кыргызстандын мыкты спортчулары Нурбек Кожобеков менен Тилек Куралов тосуп алды. Андан соң алар премьер-министрдин колуна карматып, ал Түркиянын Маданият жана спорт агенттигинин орун басарына салтанатуу түрдө тапшырды.

Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Видео
Андан кийин премьер сөз сүйлөп Көчмөндөр оюндарын расмий түрдө жабык деп жарыялады.

Эми 2020-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары Түркия мамлекетинде өтөт.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөрүүгө жалпы жонунан 303 миллион сом сарпталды. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү.

ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар. Уюштуруучулар 103 өлкөгө чакыруу жиберген, бирок 74 өлкөдөн (Россиянын 12 субъектиси) 1976 спортчу катышты.