Жылмайган Монтанону тике караган Шевченко. Көз караштар таймашынан видео

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен Никко Монтано ишембиден жекшембиге караган түнү боло турчу беттешке карата уюштурулган көз караштар таймашында жолукту.
Sputnik

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
Расмий иш-чара АКШнын Даллас шаарында өттү. Ал эми турнир 9-сентябрда эртең менен башталат.

Эки мушкердин жолугушуусу UFC 228 турниринин негизги окуясы болмокчу. 

Анда Шевченко америкалык Никко Монтано менен кармашат. Монтано чемпиондук наамды былтыр декабрда багынткан.

Шевченко болсо 57 килограммда алгачкы кармашын быйыл февралда өткөрүп, жеңишке жеткен.