Жээнбеков: Кытай менен кызматташууну мындан да өнүктүрүүгө даярбыз

Өлкө башчысы Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды
2 / 2
Жээнбеков Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи.

Ага ылайык, Жээнбеков Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи. Дипломатиялык мамилелер орногондон бери достук мамилелердин өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган көптөгөн эки тараптуу документтерге кол коюлган.

"Биз достук мамиледеги коңшубузга өлкөбүздүн өнүгүү жылдарында ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигине ыраазычылык билдиребиз. Кытайга болгон акыркы сапарымда Стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу өнүгүүсү жөнүндөгү биргелешкен декларацияга жана дагы эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Биз Кытай менен кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө даярбыз", — деди ал.

Жолугушууда региондо коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

"Бул багытта Кыргызстан Кытай, ЖККУ жана башка коопсуздук жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте коркунучтарга жана чакырыктарга туруштук берүүгө даяр", — деди президент.

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын арасынан Жээнбековду өзгөчө белгиледи
Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, аны 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Кытай Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилян Кыргызстанга болгон сапарынын максаты 2018-жылдын июнь айында Сооронбай Жээнбековдун КЭРге болгон мамлекеттик визити учурунда эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган келишимдерди ишке ашыруу экенин билдирди.