Шевченко Монтанонун сазайын берет! Кыргыз спортчулары чемпиондук беттеш тууралуу

Келе жаткан жекшемби күнү кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Никко Монтано менен UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук куру үчүн кармашат. Беттеш Американын Даллас шаарында өтмөкчү.
Sputnik

Белгилей кетсек, Шевченко мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында алгачкы ирет аталган уюмдун чемпиондук наамы үчүн беттешип жатат. Буга чейин эркектер арасында россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.

Шевченко менен Монтанонун беттешин спорт сүйүүчүлөрү чыдамсыздык менен күтүп, өз ара ой толгоп, беттештин жыйынтыгын божомолдоп жатат, а түгүл дүйнөлүк букмекердик конторалар да назар салууда.

Sputnik агенттиги болсо кыргызстандык спорт көзүрлөрүнүн пикирин топтоду.

Angels Fighting уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков:

Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков

Валентина Шевченко атаандашы Никко Монтаного салыштырмалуу тажрыйбасы мол, күчтүү мушкер. Бирок спортто бир жерден ката кетирдиң дегиче утулуп калышың мүмкүн, биздин кыз кокусунан сокку өткөрүп албаса эле утат.

"Ахмат" лигасынын мушкери Канат Келдибеков:

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков

Буюрса Валентина Шевченко утат! Кыргызстанга биринчилерден болуп UFC уюмунун курун алып келишин күтүп жатабыз. Ал туруп алып (стойка. — ред) жакшы беттешет. Күрөш жагынан (партер. — ред) да коргонгонду жакшы билет, андыктан атаандашына бутка киргенге мүмкүнчүлүк бербейт деп ойлойм.

WEF федерациясынын вице-президенти, машыктыруучу Эмил Токтогонов:

Вице-президент WEF Эмиль Токтогонов

Шевченко Монтанону мөөнөтүнөн мурда утат. Болгондо да биринчи раундда техникалык нокаут менен жер каратат. Венесуэлалык Жулианна Пеньянын айласын кантип кетиргени эсиңердеби? Дал ошондой көрүнүш болот. Бирок чемпиондук кур үчүн кармаш болгондон кийин Валентина балким техникасын өзгөртүп, абайлап иштеши ыктымал.

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков:

Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков

Эки мушкер тең туруп алып жакшы беттешет. Бирок Монтанонун соккудан коргонуусу чабал, биздин Валентина бул жагынан мыкты. Ал эми күрөштөн тескерисинче Монтано күчтүүрөк. Анткен менен кармаш туруп беттешүү менен өтөт. Жеке оюмда, беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарат.

WEF уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Актилек Жумабек уулу:

Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу

Саяпкер күчтүү болбосо күлүк чуркабайт дейт. Шевченконун машыктыруучусу тажрыйбалуу адам, мушкерлерди беттешке мыкты даярдайт. Көп жылдан бери Таиланддан машыгып келишет. Мындай даярдык менен бардык спортчуга каршы турууга болот.