Радио

Азарбеков: кардар алган товарын 14 күндүн ичинде кайтарып, акчасын алууга укуктуу

Өкмөткө караштуу монополияга каршы агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Аскат Азарбеков жарандар бир нерсе сатып алганда сөзсүз чек сурашы керектигин айтты.
Sputnik
Азарбеков: кардар алган товарын 14 күндүн ичинде кайтарып, акчасын алууга укуктуу

Эгер кардар сатып алган товарын жактырбай же туура келбей калса 14 күндүн ичинде кайтарып берип, акчасын алууга укуктуу. Бул тууралуу Аскат Азарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү өзүнүн укугун пайдаланууну билбейт.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарлардын укугу корголгон. Эгер ал сатып алган буюм өзүнө жакпай же туура келбей калса 14 күндүн ичинде кайтарып, акчасын ала алат. Товардын баасына канча каражат төлөсө толугу менен берилүүсү шарт. Ошону менен катар эле товар колдонулуп калган болбошу керек. Мындан сырткары, укуктан пайдалануу үчүн буюмду сатып алганыңызды тастыктаган чекти сактап коюу зарыл", — деди Азарбеков.

Ал косметика, тамак-аш сыяктуу айрым товарларга бул мыйзамдын тиешеси жоктугун кошумчалады.