Бишкекте доллардын наркы 69,6 сомго жетти

Акыркы беш күндөн бери доллардын баасы кайтадан өсүп кеткенин байкоого болот. Акыркы жолу августта кымбаттаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын баасы беш күндөн бери өсүп жатканын valuta.kg порталы жазды.

Жекшемби күнү бир АКШы доллары 68,54 сомдон сатып алынып, 68,68 сомдон сатылган болчу. Бүгүн, жума күнү, долларды сатып алуу 69,3 сом, сатуу 69,6 сомго чейин чыкты.

Август айынын башында доллардын курсу жогорулап, айдын ортосунда 69,7 сомго чейин жетип, андан соң арзандай баштаган болчу.