Бишкектин чок ортосунда машина коюп кетип, 12 жаштагы кыз каза болду

Кыздын жанында бараткан аял ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте Чүй менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде чогуу бараткан аял менен кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ЖКККББдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12 жаштагы кыз алган жаракатынан улам каза тапкан. Ал эми аны менен кошо бараткан аял ооруканага жеткирилген.

Аларды коюп кеткен Toyota үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлө баштады.