Түрмөгө баңгизат ыргытууга аракет кылды делген милиционер кармалды

Окуя мындан бир жыл мурда, тагыраагы 2017-жылдын аягында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Түрмөнүн тосмосунан баңгизат ыргытууга аракет кылды деген кишинин шериги деп шектелип кармалган жаран милиция кызматкери болуп чыкты. Бул туурасында Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан (ЖАМК) кабарлашты.

Чүй облусунда жашаган 67 жаштагы кемпирдин короосунан 107 баш апийим табылды
Окуя мындан бир жыл мурда, тагыраагы 2017-жылдын аягында болгон. Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №27 абакка тосмо аркылуу баңгизатын ыргытуу аракети майнапсыз болуп, алардын бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кеткен.

Мамлекеттик соттук экспертизалык кызматтын тыянагында, ал жерден алынган баңги зат — 189,67 граммдык марихуана экендиги айтылган. Бул фактыдан кийин Кылмыш кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Кылмыш болгон жерден качып кеткен киши ошондон бери издөөдө эле. ЖАМК алдындагы тергөө башкармалыгынын жүргүзгөн иштеринин натыйжасында, Бишкектеги райондук милицияда иштеген 34 жаштагы кызматкер шектелип, колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомстводон иш соттун кароосуна жөнөтүлгөндүгүн кошумча билдиришти.