76 килограммга арыктаган АКШнын жараны диетасынын сырын ачты

Энтони Браун карындашы кант диабети менен ооруп калганда аябай катуу таасирленип, коркуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. АКШлык программист Энтони Браун 170 килограмм салмакка жеткенден кийин арыктоону чечкен. Браун мындай абалга такай отуруп иштеп, бургер менен куурулган картошка жеп, газдалган суусундук ичкени үчүн жеткенин айткан. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды.

Дүйнөдөгү эң семиз бала 76 килограммга арыктады. Сүрөт
Энтони Браун карындашы кант диабети менен ооруп калганда аябай катуу таасирленип, коркуп калган. Башында жалаң гана жер-жемиш жеп баштаган, анткен менен мындай диетага бир ай гана чыдаган. Мындан улам ал кийинки айдан баштап мурдагыдай эле бургер жеп баштаган. Бирок анын көлөмүн 8 миң калорийден 2 миң калорийге чейин азайткан. Бул ыкмага өткөндөн баштап ал жумасына 1-2 килограммга чейин арыктаган.

Тездик менен арыктаганда териси шалбырап калбашы үчүн спорт менен машыга баштаган. Күнүнө бир саат машыгуу жакшы жыйынтык берип, салмагы 94 килограммга келген. Браун кийин мурдагы ишин таштап, фитнес-тренерликке өткөн.