Гений го! Өспүрүмдүн Рубик кубиктерин ыргытып ойноп чогултуп койгон видеосу

Кытайлык бала Рубик кубиктерин башкача жол менен чогултуп, Гиннестин рекорддор китебине кирди.
Sputnik

Элди таңгалдырган видео аталган уюмдун Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Бишкекте окуучу Рубиктин кубигин 10 секундда чогултту. Таң калтырган видео
Баш катырган үч кубикти карап баамдап көрүүгө 15 секунд беришкен. Жонглерлук кылган өспүрүм ошол жердегилердин көз алдында чогулутуп, столдун үстүнө 5 мүнөт 6,61 секундада даяр кылып берди.

Маалыматка караганда, 12 жаштагы бала телешоуда өзүнүн талантын көрсөтүү үчүн эки жыл машыккан.

Видеодо калыстар тобу, залдагылар жана алып баруучулар баладан көз айырбай тиктеп турганын, кээ бирлеринин чыдамы кетип, толкундана баштагандыгын көрүүгө болот.