Кырчында милициялар дарыяга кулап, эс-учун жоготкон кишини куткарып калды

Жабырлануучу жайлоого Бостери айылынан келген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда эркек киши көпүрөдөн кулап дарыяга түшүп кеткенин Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда эркек киши көпүрөдөн кулап дарыяга түшүп кеткенин Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 3
Башы менен жерге тийип эс-учун жоготуп койгон кишини жакын жерде турган милиция кызматкерлери куткарып калышкан
3 / 3
Жабырлануучу Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 62 жаштагы тургуну Бегалы Апсаматов экендиги белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, окуя 5-сентябрда болжол менен саат 10.00дө болгон.

Башы менен жерге тийип эс-учун жоготуп койгон кишини жакын жерде турган милиция кызматкерлери куткарып калышкан.

Жабырлануучу Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 62 жаштагы тургуну Бегалы Апсаматов экендиги белгилүү болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.