Радио

Каримова: күзүндө кулак-мурун оорулары күч алат

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча (лор) врачы Бактыгүл Каримова мезгил алмашканда ден соолукка өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Каримова: күзүндө кулак-мурун оорулары күч алат

Күз мезгилинде күн сууктап, кулак-мурун оорулары күч алат. Бул тууралуу Бактыгүл Каримова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кулак-мурун оорусуна бүгүнкү күндө улуу муундун өкүлдөрүнө караганда жаш балдар көбүрөөк чалдыгат.

"Бул дарт аба ырайы муздай баштаганда күчөйт. Ата-энелер да балдарына кандай кийим кийгизүүнү билбей калат. Эртең менен калың кийинтип койсо түштө ысыйт, жука кийинтип койсо эртең менен үшүйт. Ошондуктан аба ырайына, мезгилге жараша ылайыктуу кийинтүүгө аракет жасоо зарыл. Мындай учурда жаш-кары дебей сууну көп ичип, ар кандай витаминдерди алуу талап кылынат", — деди дарыгер.

Ал кулак, мурун ооруганда дароо врачка кайрылып, кеңеш алуу керектигин эскертти.