Бишкекте экинчи топтогу майып кыз жоголду. Сүрөт

Акыркы жолу аны Бишкектин борборунан көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте экинчи топтогу майып 26 жаштагы Наргиза Ибраева дайынсыз жоголгонун ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Без вести пропавшая в Бишкеке Наргиза Ибраева

Аны акыркы жолу 5-сентябрда Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн. Ошондон бери дайынсыз.

Жоголуп кеткен эки жашар кыздын түнөп калган жери. Сүрөт
Өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара, кыска.

Үстүнө чаарала көйнөк, кара шым, бутунда боз кроссовка кийип, кара көз айнек тагынып жүргөн.

Тартип сакчылары эгер кандайдыр бир маалыматтар болсо Свердлов райондук милициясына (0777) 87-44-11, (0553) 10-25-66, (0772) 05-20-00, (0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.