РФке каршы санкция мигранттардын кайтышын шарттайбы? Эксперт эмне дейт

27-августтан тарта АКШнын Россияга каршы киргизген жаңы санкциялары күчүнө кирди. Шартты дагы катуулатканы ноябрда кириши ыктымал. 2015-жылы АКШнын биринчи санкцияларынан улам Борбор Азиядан барган мигранттардын көбү мекенине кайтып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жаңы санкциялардан улам Россияны кризис каптабайт, ага негиз жок. Бул тууралуу Жогорку экономика мектебинин дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинин (Россия) декан жардамчысы Игорь Ковалев Бишкек — Москва — Ереван видеокөпүрөсү учурунда билдирди.

Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Россияга каршы жаңы санкциялар кыргыз мигранттарына кандай таасир берет" аттуу видеокөпүрө өттү.

27-августтан тарта АКШнын Россияга каршы киргизген жаңы санкциялары күчүнө кирди. Ноябрь айында мындан да катаалдатылганы кириши ыктымал. 2015-жылы АКШнын биринчи санкцияларынан улам Борбор Азиядан барган мигранттардын көбү мекенине кайтып келген.

Ковалевдун айтымында, мигранттардын өз мекенине кайтышы санкцияларга байланыштуу эмес.

"Бизде бардыгын эле санкцияга шылтап көнүп калганбыз. Дайым эле ага байланыштыра берген да туура эмес. Мигранттардын кайтып келишине нефтинин баасы да таасир бериши ыктымал", — деди Ковалев.

Эксперт эгер Россия кризиске туш болсо, дал ушул жагдай мигранттардын абалын кыйындатмактыгын белгиледи.

"Бардыгы кризистин кандай болорунан көз каранды, бирок каатчылыкка негиз жок. Тескерисинче, акыркы убакта Россиянын экономикасы өсүү жолунда", — деди эксперт.

Ковалев Россия санкциянын кысымына карабай жашоону өздөштүргөнүн айтат.

"Айыл-чарбасы өнүктү, 90-жылдары ал баткакка батып кеткен. Азыр Россия дан эгиндери менен тоок өстүрүүдө алдыңкы катарга чыкты. Ошондой эле чет элдик төлөө системалары менен болушу мүмкүн болгон көйгөйлөрдөн улам улуттук система түзүлдү", — деди ал.

Ковалев санкциялардын жакшы жагы да бар экенин айтып, россиялык компаниялар жаңы өнөктөштөрдү издөөгө өткөнүн кошумчалады.