Радио

Жумабеков: айыл менен шаарда билим деңгээли бирдей болушу керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков учурда айылдагы билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.
Sputnik
Жумабеков: айыл менен шаарда билим деңгээли бирдей болушу керек

Айыл менен шаарда билим берүү деңгээли бирдей болушу керек. Айылдык балдар орус тили, чет тили деген сабактарды калаа балдарындай билүүсү зарыл. Мындай пикирин Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Германия, Түркия өлкөлөрүнөн тажрыйба алса болот.

"Айылда чоңойгондуктан мен бул маселени жакшы билем. Элет окуучулары шаардыктардай деңгээлде билим ала алышпайт. Учурда президент аймактарды өнүктүрүү жылы деп, өтө орчундуу көйгөйдү колго албадыбы. Ошонун алкагында айылдагы билим берүүнүн деңгээлин да жогорулатышыбыз зарыл. Бул нерселер башка көп мамлекеттерде жолго коюлган. Биз алардан тажрыйба алуу менен аймактардагы билим берүү көйгөйүн чечип алалы", — деди Жумабеков.

Ал бул үчүн тиешелүү тармактар кыска мөөнөттө аракетке өтүүсү зарылдыгын кошумчалады.