Сауд Аравия динге байланыштуу азил-тамаша айткандарды камайт

Күнөөлүү деп табылган адам беш жылга чейин эркинен ажыратылып, үч миллион риал (54 миллион сомдун тегереги) айып пул төлөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Сауд Аравияда динди мазактап тамаша айткан адам беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн прокуратурасынын Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып кабарлады. 

"Социалдык тармактарда диний баалуулуктарды колдонуп, аны менен коомчулукту күлкүгө салуу киберкылмыш деп эсептелет", — деп жазылат маалыматта. 

Сауд Аравияда аялдар биринчи жолу рулга отурду
Күнөөлүү деп табылган адам беш жылга чейин эркинен ажыратылып, ал үч миллион риал (54 миллион сомдун тегереги) айып пул төлөйт. 

2012-жылы аталган өлкөдө "Сауд Аравиянын либералдык түйүнү" сайтынын негиздөөчүсү Раиф Бадави королдуктун полициясын диний жана руханий жактан сынга алганы үчүн камалган. Блогерди мындан тышкары исламга шек келтирген деп айыпташкан. Учурда Бадави абакта, 10 жылга соттолгон.