Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды

Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, издөөгө алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жунусов 2013-жылдан 2016-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасы болуп турган учурда "А" ЖЧКсы менен бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп коррупциялык аракеттерге барган.

Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилген.

"Учурда Жунусов тергөө органдарынан качып жүрөт жана тергөөнүн объективдүү болушуна тоскоолдук жаратып жатат. Анын кылган иштери өтө оор кылмыштардын катарына кирет", — деп айтылат маалыматта.

2018-жылы 18-августта Жунусовго Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча сыртынан айып тагылып, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 2018-жылы 28-августта аны камакка алуу боюнча өкүм чыгарган.