Уганда: крокодил энеси менен баласын сууга сүйрөп кетти

Аялдын жанында жүргөндөр жырткычтын жакындап келе жатканын байкап, качканга үлгүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Угандада крокодил энеси менен баласын сууга сүйрөп кетти. Бул туурасында The Daily Monitor билдирди. 

Маалыматтарга караганда, Альберт көлүнө жакын жашаган аял беш айлык баласы менен суу алганы барганда кырсык баскан. Анын жанында жүргөндөр жырткычтын жакындап келе жатканын байкап, качканга үлгүргөн.

"Жергиликтүү эл эне-баланы сактаганга аракет кылганынан майнап чыккан жок. Себеби крокодил экөөнү эбак эле суунун алдына тартып кетиптир", — деп айтып берген окуяга күбө болгон киши.

Эне менен наристенин сөөгү табылган эмес. Аялдын артында эки жаштан он жашка чейинки үч баласы калган.