Радио

Монолов: Кыргызстанда пиелонефрит оорусу күч алды

Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов пиелонефрит оорусунун алдын алуу иштерин мектептен баштоо зарылдыгы турганын айтты.
Sputnik
Монолов: Кыргызстанда пиелонефрит оорусу күч алды

Кыргызстан пиелонефрит оорусу күч алган өлкөлөрдүн катарында. Аталган дартка өзгөчө Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары чалдыгат. Бул тууралуу Нурбек Монолов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эндомикалык аймакка киргендиктен жарандардын бул дартка чалдыгуу коркунучу жогору.

"Өнүккөн мамлекеттерде аталган оору кездешпей деле калды. Анткени, алар мектеп курагынан баштап эле профилактикалык иштерди жүргүзүп, калктын ден соолугуна кам көрүшөт. Бул дарт заара чыгуучу каналдарга, бөйрөккө туз, кум өтүшүп кеткен учурда таштардын пайда болуусунан улам келип чыккандыктан, биринчи кезекте эле жеп-ичкен тамак-аштын таасири чоң. Кыргызстан эндомикалык өрөөнгө киргендиктен, учурда калктын 4 пайызга жакыны бул илдетке чалдыккан. Бул көрсөткүч Кыргызстан үчүн көңүл жубатарлык эмес. Өзгөчө республиканын түштүк аймагында жашагандар пиелонефрит оорусуна көп туш болот. Андыктан маселеге мамлекеттик деңгээлде олуттуу карап, мектептерден алдын алуу иштерин баштоо заман талабы болуп турат", — деди Монолов.

Ал аталган илдеттин пайда болушуна климаттын бузулушу, стресс жана башка нерселер да таасирин тийгизерин кошумчалады.