Полиция кызматкерин атууга шектелген Муратов Баткен окуясына катышкан эмес, дени соо

Ал 2008-жылы РФ жарандыгын алган.
Sputnik

ОШ, 5-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы метро станциясында полиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелип жаткан Нурлан Муратов Кыргызстанда Баткен коогалаңына катышкан эмес. Ал психикалык жактан оорулуу делинген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нурлан Муратовдун Москва шаарында жашаган бир тууган таякеси Сүйүнбай Таиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айрым ЖМКларда Муратов Баткен коогалаңында башынан жаракат алып, учурда оорулуу деген маалымат тараган.

"Нурлан Муратов 2003-жылдан бери Россияда мигрант катары эмгектенип келет. 2008-жылы РФ жарандыгын алган. Учурда өзү Москва шаарындагы таттуу чыгаруучу фабрикада, аялы театрды тазалап иштейт. Эки уулу бар. Улуусу 16, кичүүсү 4 жашта. Алар Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында энесинин колунда тарбияланууда. Энеси жүрөк оорулуу болгондуктан, бул кабарды угузбай турабыз. Анткени энеси бул кабарды укса ден соолугу начарлап, ооруп калабы деп кабатырланып жатабыз", — деди Таиев.

Ал бүгүн Муратовдун баш коргоо чарасын сотто карала тургандыгын билдирди.

Өзүн атып алган. Москвада полиция кызматкеринин өлүмү боюнча жаңы версия айтылды
"Бүгүн, 5-сентябрь күнү, Москва шаарында Илья Макеев аттуу жактоочу менен жолугуп, сүйлөштүк. Ал инибиздин иши боюнча жактоочулук кылат. Муратов башынан жаракат алмак турсун, аскерде кызмат өтөөгө деле барган эмес. Альтернативалык жол аркылуу кызмат өтөгөн. Бул мезгилге чейин милицияга да түшкөн эмес. Үй-бүлөдө алты бир туугандын үчүнчүсү. Бир эже, бир агасы жана эки иниси бар", — деди Таиев.

Ал учурда Нурлан Муратовго Москвадагы кыргыз диаспорасы да укуктук колдоо көрсөтүп жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, дүйшөмбүгө караган түнү Москванын "Курская" метросунда белгисиз киши полиция кызматкерин атып салган. Кылмышка шектелип Кыргызстанда туулуп, Россия жарандыгын алган Нурлан Муратов кармалган.