Экологиялык маселелердин сап башында мөңгү тургандыктан, кинофорумдун аталышын "Мөңгү" деп атадык. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөңгүдөн суу жаралат, ал эми суусуз жашоо да, тасма да жок.
"Учурда Кырчын жайлоосунда "Мөңгү" фестивалы ачык асман алдында өтүп жатат. Бул форумдун аталышы да жөн эле жаралып калган жок. Экологияга багытталгандыктан, учурда жаратылыш көйгөйлөрүн айтып жатканда мөңгү маселеси алдыңкы планга чыгып калат. Ушул себептен жана символикалык жактан да карап ушул аталышты туура деп таптык. Анткени, мөңгүдөн суу жаралат. Ал эми суусуз жашоо да, тасма да жок экени баарыбызга белгилүү. Жада калса кыргыз гимни да "мөңгү" деген сөздөн башталат эмеспи", — деди аталган кинофорумдун көркөм жетекчиси.
Кулмендеев бул иш-чараны жыл сайын август айынын аягында, же сентябрь айынын башында өткөрүп туруу пландалып жатканын кошумчалады.