"Дарак ыры" менен "Аврора" тасмалары Бусандагы эл аралык сынакка катышат

Фестиваль 4-13-октябрь күндөрү Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор тарткан эки тасма Түштүк Кореяда өтчү "Бусан" эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Сынакка жаш режиссерлор Бекзат Пирматовдун "Аврора" жана Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмалары тандалып алынган.

Жакыпбекова: өзбек актерлорунун жөнөкөйлүгүнө баа бердим
"Дарак ыры" ушул жылдын башында коомчулукка тартууланып, дароо эл оозуна алынган эмгек болсо, "Аврора" актер жана мурдагы КВНчи Бекзат Пирматовдун трагикомедия жанрындагы дебюттук фильми.

Белгилей кетсек, "Дарак ыры" Москва эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, иш-чаранын программалык директору Кирилл Разлогов аны фестивалдын эң сенсациялуу тасмасы деп атаган.

Фестиваль 4-13-октябрь күндөрү Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтмөкчү.