Депутаттар айыпкерди СИЗОго отургузуунун ордуна күрөө алууну сунуштап жатат

Азыркы Жазык процессуалдык кодексинде баш коргоо чарасы катары күрөө коюу маселеси киргизилген, бирок аны дээрлик эч ким колдонбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кылмышка шектелип жаткандарды камап койгондун ордуна күрөө койдуруу сунушталып жатат. Бул тууралуу Жазык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Абылгазиев Жээнбековго "Коопсуз шаар" долбоору кайсы этапта экенин айтып берди
Аны демилгелеген ЖК депутаты Дастан Бекешевдун айтымында, мыйзамдын негизги максаты — сот иштерин гумандаштырып, аларды экономикалык рычагдар менен алмаштыруу.

Парламентарий билдиргендей, азыркы Жазык процессуалдык кодексинде баш коргоо чарасы катары күрөө коюу маселеси киргизилген, бирок аны дээрлик эч ким колдонбойт. Мисалы, 2016-2017-жылдары убактылуу кармоо жайына 9 миң адам киргизилсе, алардын бири дагы күрөө коюп чыккан эмес.

"Өтө катуу чараларды көрүү эл аралык коомчулуктун позициясына туура келбейт. Андан көрө ордуна кандайдыр бир өлчөмдөгү каражат төлөтүүнү туура көрүшөт. Бул бир эле учурда өтө гумандуу жана катуу чара катары каралат. Анткени адам эркиндикке чыкканы менен капчыгына бир топ залака тиет", — деп түшүндүргөн эл өкүлү.

Анын пикиринде, бул кадам мамлекетке убактылуу кармоо жайында жаткандарды багууга кеткен акчаны үнөмдөөгө шарт түзөт.

Күрөөнүн сунушталып жаткан өлчөмү:

1) майда кылмышка — 5 миңден 10 миң сомго чейин;

2) жеңил кылмышка — 10 миң сомдон жогору;

3) оор кылмышка — 200 миң сомдон жогору;

4) өзгөчө оор кылмышка — 1 миллион сомдон жогору.

Айрым гана учурларда минималдык өлчөмдөн азыраак каражат же ошол суммага бааланган мүлкү алынышы мүмкүн.