Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды. Сүрөттөр

Ушул жылдын май айында ала качууга дуушар болгон Бурулай Турдали кызы кийин милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кара-Балта шаарында Жайыл РИИБинин имаратында киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын иши боюнча алгачкы сот отуруму башталды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Соттолуучулардын катарында киши өлтүрүү боюнча шектелип жаткан Марс Бөдөшев жана Бурулайды салып кеткен унаанын айдоочусу Акмат Сеитов бар.

1 / 4
Кара-Балта шаарында Жайыл РИИБинин имаратында киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын иши боюнча алгачкы сот отуруму башталды.
2 / 4
Соттолуучулардын катарында киши өлтүрүү боюнча шектелип жаткан Марс Бөдөшев (оңдо) жана Бурулайды салып кеткен унаанын айдоочусу Акмат Сеитов бар.
3 / 4
Бөдөшовдун коргоочусу иликтөө иштерин Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы жүргүзгөндүктөн, аталган райондун сотуна которууну суранды. Жабыркаган тарап каршы болгон жок.
4 / 4
Мындан улам сот ишти Бишкектеги Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алды.

Бөдөшовдун коргоочусу иликтөө иштерин Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы жүргүзгөндүктөн, аталган райондун сотуна которууну суранды. Жабыркаган тарап каршы болгон жок. Мындан улам сот ишти Бишкектеги Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алды.

Бурулайдын атасы: милиция бөлүмүндөгү видеолор өчүп калганын айтышты
Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерине дисциплинардык чара көрүлгөн.