БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +24…+29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +21…+26 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +26…+28, ордолуу Ош шаарында +29…+31 градуска жетери айтылды.