Аймактардагы 60 мектепте электрондук китепкана ишке кирди. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук китепканада учурда 500дөн ашуун китеп болсо, анын теңи кыргыз тилинде.
"Быйылкы окуу жылына карата өлкө аймагында жалпысынан 1451 мектепке интернет киргизилди. Республикадагы калган мектептер 2019-жылдын соңуна чейин интернет менен камсыздалып бүтөт. Анын ичинен 60 орто билим берүүчү окуу жайында электрондук китепканалар ачылды. Бул жерден окуучулар керектүү китептерин тапкандай эле мугалимдер үчүн да методикалар жайгаштырылган", — деди Касымова.
Ал электрондук китепканалар менен бардык мектептер камсыздаларын кошумчалады.