Радио

Мамбеталиева: туристтик жаатта бизнес жасоо көп жылды талап кылат

Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева туристтерди тартуу үчүн үзүрлүү эмгек керектигин айтты.
Sputnik
Мамбеталиева: туристтик жаатта бизнес жасоо көп жылды талап кылат

Талас жергесине Манас атанын кичи мекени катары туристтерди тартса болот. Бул тууралуу Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Таластын тарыхый жер катары туризм багытында потенциалы жогору.

"Талас облусу туризм жаатында жакшы өнүкпөй жатат. Бирок аймакты алтын бешик дей турган эле жер. Кыргыздын кол башчысы, баатыры Манас атанын кичи мекени катары туристтерди тартса болот. Тилекке каршы, учурда ал жакта мыйзамсыз казуу иштери жүргүзүлүп, табылган тарыхый буюмдар колдон көбүнчө Казакстан же башка мамлекеттерге сатылып жатканы эл арасында айтылып жүрөт", — деди Мамбеталиева.

Ал жергиликтүү калктын туризмди өнүктүрүүгө кызыкпаганынын себебин күнүмдүк акчаны саякат бизнесинен эмес, дыйканчылыктан көбүрөөк таап жатканы менен байланыштырды.