Көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө Казакстан эң көп медаль утуп биринчиге чыкты

Көчмөндөр оюндарында жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтүп жакан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын экинчи күнүндө Казакстандын спортчулары эң көп медаль утуп сап башына чыкты. 

Учурда коңшу өлкөнүн капчыгында 7 алтын, 7 күмүш жана 5 коло бар. Андан кийинки сапта 5 алтын, 5 күмүш жана 8 колосу менен Кыргызстан келе жатат. Үчүнчү орундагы Түркмөнстандын спортчулары 5 алтын, 2 күмүш, 5 коло камсыздаган. 

Төө минген хан, кылычын кезеген жоокер. Кырчынды чаңыткан 1200 өнөрпоз сүрөттө
Спорттук мелдештерге катышуу үчүн 82 мамлекет электрондук каттоодон өткөн. Учурда 70 мамлекеттин (Россиянын 11 субъектиси) 1800 спортчусу күч сынашууда. Айрым өлкөнүн спортчулары мелдешке чыга турган күнүнө туштап келип жатышат. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Оюнчулардын саны боюнча Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан сап башында турат. 

Көчмөндөр оюндарында жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Байге фонду 28 миллион сомду түздү. 

Спорттук мелдештер 8-сентябрга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында жана Кырчында болмокчу. 

Кайсы күнү кандай иш-чара өтөт бул жактан биле аласыздар.