Алат белеңиз? Кырчында сатылып жаткан карышкырдын 75 миң сомдук кеби сүрөттө

Жөнөкөй терилер 15-20 миң, сувенир болуп жасалгандары 75 миң сом турат.
Sputnik

КЫРЧЫН, 3-сен.— Sputnik. Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда.

1 / 2
Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда
2 / 2
Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат.

Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары өтүп жаткан жайлоодо этно базар дагы ачылган. Ал жерден кол өнөрчүлөрдүн, усталардын жана уздардын эмгектерин көрүүгө болот.

Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат.

"Терилерди кышында өлкөнүн жети дубанындагы мергенчилерден сатып алып чогултам. Анан өзүм жууп-тазалап, ийлеп, сатууга ылайыктайм. Жылына 100гө чукул тери алам. Кечээтен бери алты тери саттым. Муну чет өлкөлүк конокторго жана атка минерлерге белекке берип жатышат", — деди ал.

Касымов белектен сырткары териден тон тигип да сатарын айтты. Алты карышкырдан бир тон чыгат.

Эки мүнөт болсо да Кырчынга барып келиңиз. Видео
"Өзүм Ат-Башы районунда туулгам, учурда Бишкекте турам. Мындай иштер менен беш жылдан бери алектенем. Бул мыйзамга каршы келбейт. Тескерисинче карышкыр аткан мергенге мамлекет 5000 сом сыйлык берет. Илгери суусар тебетей менен карышкыр ичикти байлар, бийлер кийишкен. Соңку үч жылдан бери ичикти көп ала башташты. Былтыр шайлоонун алдында талапкерлерге жабабыз деп алып кетишкен. Той-мааракелерге да сурашат", — деди Касымов.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосуна 1000ге чукул боз үй тигилген. Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары дал ушул жерде өтүүдө.