Кырчын этношаарчасына 1000ге жакын боз үй тигилген. Бул жакка Кыргызстандын жети дубанынан өкүлдөр келди. Ар бир аймак үчүн атайын өзүнчө жер бөлүнгөн. Ошондой эле "Бишкек ордо" менен "Ош ордо" дагы бар. Этношаарчанын коноктору үчүн оюн-зооктор өтүп жатат.
Соода сатыкка өзгөчө көңүл бурулган — ар бир жерде колго жасалган буюмдар сатылууда.
Мындан башка "Этно базар" дагы ачылган. Ал жактан көптөгөн кызыктуу, өзгөчө буюмдарды тапса болот.
Коноктор алдында артисттер, музыканттар, спортчулар, чыгармачыл коллектив өнөрлөрүн тартуулоодо.
Кырчындагы иш-чаралар Көчмөндөр оюндары аяктаганча — 8-сентябрга чейин уланат.